Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова коло үчүн күрөшөт, Жанышов финалга чыкты
Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) 30-сентябрда килемге чыгып, Түндүк Кореянын балбаны Сол Гум Пакка жеңилип калды. Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт. Жуманазарова алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлүн жеңген.