NYT: Орус компаниясы кыргыз банктары аркылуу 100 млн доллар айланткан
The New York Times жаңы иликтөөсүндө Орусиянын A7 каржы компаниясы Батыштын санкцияларын кыйгап өткөн эл аралык тармак түзгөнүн аныктап, Кыргызстан анын негизги бутактарынын бири экенин жазып чыкты. Баяндамада былтыр төрт айда эле тутум аркылуу 500 млн доллардан ашык операция жүргүзүлгөнү айтылат.