Депутат мектептерде акча чогултуу токтобой жатканын айтып чыкты
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу 30-сентябрдагы жыйында мектептерде тазалык каражаттары үчүн ата-энелерден акча чогултуу токтобой жатканын билдирди. Анын айтымында, президенттин ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган жарлыгына карабастан мындай көрүнүш дагы эле уланып жатат.