Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев жумуш сапар менен Беларуска барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-октябрда Беларуска жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» кабарлады. Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат.