Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Полотов кармалганы кабарланды
Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Полотов кармалды. Бул маалыматты "Азаттыкка" укук коргоо органдарындагы булактар ырастады. "Азаттыктын" булактары ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча шектелип жатканын билдирди.