Оккупацияланган аймактардан дагы 14 украиналык бала кайтарылды
Украина Херсон облусунун орус армиясы көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн 14 баланы кайтарып алды. Бул тууралуу Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын айтымында, басып алынган аймактардан 6 жаштан 17 жашка чейинки төрт уул бала жана 10 кыз бала кайтып келди.