"Учкуч капитанга кол салган". Дубайдан Израилге бараткан учактагы окуянын чоо-жайы
Дубайдан Тель-Авивге бараткан жүргүнчү учакта экинчи учкуч капитанды бычактап, андан кийин лайнер кескин төмөндөй баштаган. Израил бийлиги экинчи учкуч учакты атайылап кыйратууга аракет кылганын билдирүүдө. Жүргүнчүлөр кабинага кирип, аны токтотуп, учак Сауд Арабиясына конгон.