Украинадагы согушта каза тапкан орусиялык аскерлердин кеминде 260 миңинин тек-жайы аныкталды
Би-би-си орус кызматынын жана "Медиазона" басылмасынын журналисттери Украинага каршы согуш башталгандан бери каза болгон орусиялык аскерлердин кеминде 266 032синин аты-жөнүн аныктап чыгышты. Журналисттер жана аларга жардам берген ыктыярчылар маалыматтарды ачык булактарга, туугандарынан алган маалыма